УКМК жана ИИМдин КИББнын Чуй Жана Талас облусунун УКККБнын бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Таластан төрт жаранды коркутуп сабаган жарандарды кармашты.
2023-жылдын 31-августтан 1-сентябрга караган түнү ватсап тиркемеси аркылуу интернет булактарына белгисиз жарандарды “Оштуктар өтпөй калат бул жолдон”-деп, коркутуп жаткан видео тасма тараган.
Видео тасмада беттери кан болуп, аларды Ош облусунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган Көк-Бөру оюунунун аягында болгон чатакты себеп кылып, белгисиз жарандар 4 адамды коркутуп жатканын көрүүгө болот.
Аталган факты Талас ОИИБдин маалыматтык-электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ошол эле заматта, Талас ОИИБдин жана облустук ШРИИБдин өздүк курамы толугу менен көтөрүлүп, Манас районунун Чоң-Капка чек ара өткөрмө постунан Өтмөк ашуусунун аймагына чейинки аралыктагы автожолунда атайын посттор коюлган.
Талас ОИИБдин кызматкерлери, КРнын ИИМдин КИББнын Чүй жана Талас облусу боюнча бөлүмү УКМК менен биргеликте ыкчам иш алып барууларынын негизинде окуяга тийиштүү жарандар аныкталган. Видеодо беттери кан болуп турган 4 жаран Ош облусунун тургундары жана “Фольксваген-Гольф” үлгүсүндөгү автоунаа менен Россия Федерациясынан чыгып, Казакстан Республикасынан өтүп, Тараз-Талас-Суусамыр авто жолу аркылуу Ош облусуна кетип бара жаткандары аныкталган.
Бүгүн 1-сентябрь күнү жарандарды коркутуп сабоого шектүүлөр кармалып, Талас ОИИБдин тергөө бөлүмүнө алынып келинди.
Алар Талас облусунун 1995-ж.т. М.уулу Н, Р.Б., К.уулу Ш., А.А., Р.Б. экендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча КРнын КЖКнын 330-беренеси ( Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат, – деп билдирди Талас ОИИБдин Басма сөз кызматынан.