Ирандын парламенти аялдарды ислам дининдеги кийим кийүү эрежесине ылайык кийинбесе 10 жылга эркинен ажыратууну караган мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору “Хиджаб жана аруулук жөнүндө” деп аталат. Ага 152 депутат макул, 34 депутат каршы, 7 депутат калыс добуш берди.
Мыйзам долбооруна ылайык, коомдук жайда же көчөдө жылаңач, жарым жылаңач же ачык кийимчен жүргөндөрдү тартип коргоо кызматкерлери кармап кете алат. Алар соттун чечими менен абакка кесилет же айып пул төлөйт. Эгер мындай учур дагы кайталанса камалат же аларга дагы чоң өлчөмдөгү айып пул чегерилет.
БУУнун мыйзам долбоору Ирандын бул аракетин кыз-келиндердин зордук-зомбулукка жана куугунтукка дуушар болорун эскертет.