Кечээ, 22-сентябрда Жаңы-Жер айылынын тургуну 1954-жылы туулган жарандын денесинде октон алган жаракаты менен жансыз денеси ооруканага жеткирилген. Ошондой эле аталган клиникалык ооруканага ошол эле Жаңы-Жер айылынын экинчи тургуну 1986-жылы туулган жаран октон алган жаракаты менен жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында «улууларды сыйлоо» эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактар болгондугу аныкталган. Ал эми шектүүлөр изделип жаткан.
Чүй ОИИБ маалымат таратып, шектүүлөр кармалганын билдиришти. 30дан ашык адам Сокулук РИИБге жеткирилип, суракка алынган.Шектүү катары айылдын 3 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Милиция бул иш боюнча дагы эки айыпталуучуну издеп жатат. Алар качып кетүүгө үлгүрүшкөн.