▪️Казак компаниясы Кыргызстанга доо коюп 2021-жылы эл аралык сотко кайрылган. Ал Таш-Көмүрдөгү ишке кире элек темир эритүүчү заводунун курулушуна салган инвестициясын кыргыз бийлиги тартып алды деп 50 млн доллар компенсация талап кылган.
▪️Сот иштери эки жылга уланып, акыркы угуулар үстүбүздөгү жылдын апрелинде Гаага Сот адилеттиги сарайында өттү.
▪️Ал эми кечээ арбитраждык трибунал (үч арбитр) бир добуштан акыркы чечимин чыгарып, компаниянын доосун четке какты. Сот даттануучу тарап чыгымга учурагыдай КР эч кандай милдеттемелерин бузган эмес деп тапты
▪️Ошондой эле сот даттануучуларды судьялардын гонорарын жана Гаагадагы Туруктуу арбитраждык сотунун административдик чыгымдарын төлөөгө милдеттендирген.
@user2