ВИДЕО: Ысык-Көлдө опузалап пара талап кылган биоресурстар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары бөлүмүнүн аңчысы кармалды

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Жети-Өгүз РИИБге райондун аймагында кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, жергиликтүү тургундардан акчалай сыйлык же баалуу белектерди опузалап жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Аталган билдирүү Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (Опузалап пара алуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө кызматы тарабынан кылмышка шектүү жарандын өздүгүн аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.
Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери опузалап пара талап кылып жаткан жарандын өздүгүн аныктоого жетише алган.
Ал, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин алдындагы Ысык-Көл башкармалыгынын биоресурстар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары бөлүмүнүн аӊчысы болуп иштеген Ак-Суу районунун 58 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну болуп чыкты. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери шектүү жаран ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо фактысын жашырыш үчүн Жети-Өгүз районунун 76 жаштагы тургунунан 10 000 сом талап кылып жаткандыгын аныкташкан.
Жакында милиция кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда, шектүү 10 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле, жеринде анын автоунаасы текшерилгенде, ар кандай калибрдеги жана ок-дарылары бар 6 даана ок атуучу курал, травматикалык тапанча табылып алынган.
Андан тышкары, кармалган жарандын иш бөлмөсүндө жана жашаган жеринде кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда ок-дарылары менен 10 даана ок атуучу курал табылып алынган.
Алынган ок атуучу куралдар боюнча Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, алардын кайдан пайда болушун аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кармалган жаран сот тарабынан бөгөт коюу чарасы кабыл алынганга чейин райондук милициянын УКЖга киргизилди.
Тергөө амалдары уланууда.




