ДүйнөКызыктар

Парижде самолет 30 жүргүнчүсүн унутуп учуп кеткен

SunExpress компаниясынын аба лайнери Парижден Измирге 30 жүргүнчүсүн унуткан боюнча учуп кеткен. 

Маалыматка ылайык, окуя кечээ Шарль-де-Голль аэропортунда болгон. Саат 17.00гө мерчемделген Париж — Измир каттамы боюнча уча турган учактын убактысы үч саатка жылган. 20.00дө учар маалы айтылган эмес.

Жүргүнчүлөр рейсти мобилдик тиркемеден карай келгенде учак Түркияга эчак эле учуп кеткени аныкталган.

SunExpress «унутулган» элди мейманканага жайгаштырып, кийинки рейс менен жөнөткөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button