Суучул Денис Петрашов америкалык Олимпиада чемпионун озуп өтүп, АКШнын ачык чемпионатынан алтын медаль утту

Ал брасс ыкмасы менен 100 метр аралыкка сүзүүдө фантастикалык жыйынтык көрсөтүп, 59,46 секундада финишке жетти. Спорттун суудагы түрлөрү федерациясы Петрашов биринчи жолу мындай беделдүү турнирди жеңип, “А” стандартындагы олимпиадалык лицензия алганын билдирди. 

Токио олимпиадасынын чемпиону Майкл Эндрю (4х100 метрге комбинациялык эстафета) бул аралыкты 59,52 секундада сүзүп өткөн.