Бишкекте автобус коюп кеткен аял ооруканада каза тапты

6-декабрда Бишкек шаарындагы эл ташыган муниципалдык автобус жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден коюп кеткен аял бир күндөн кийин ооруканада каза тапты. Ал “Тез жардам” менен бейтапканага жеткирилгенин Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Окуя Лермонтов жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Кылмыш иши козголуп, иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат. Автобус айып жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Маркумдун тек-жайы тууралуу маалымат берилген жок.

Эки күн мурун Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде муниципалдык автобус менен троллейбус кагылышкан. Жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар болгон эмес. Эки транспорт тең айып токтотмого киргизилип, айдоочулардан түшүндүрмө алынганы кабарланган.