Бишкекте эгиз уул төрөгөн 22 жаштагы келин көз жумду

Бишкекте эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин №2 төрөт үйүнөн көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева тастыктады.
Анын айтымында, келин кош бойлуулугунун 34-жумасында кан басымы көтөрүлүп шаардагы №2 төрөт үйүнө түшкөн.
«Буга чейин дарыгерлердин каттоосунда турган. Операция жолу менен эгиз уулдарды жарыкка алып келген. Операция ийгиликтүү эле болгон. Бирок 15-январга караган түнү көз жумган. Алдын ала ага жогорку деңгээлдеги преэклампсия (кан басымынын жогорулап кетиши) диагнозу коюлду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, келиндин өлүмүнүн себептери экспертизанын жыйынтыгынан кийин билинет», — деди Асылбашева.
Медик балдардын абалы туруктуу экенин айтып, учурда №2 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын кошумчалады. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.



