Коом
Молдовановкадагы абактагылар тополоң кылышты

26-январда Молдовановка айылында жайгашкан №1 түзөтүү мекемесинде 50-60дай соттолуучу кызматкерлерге баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөн.

Жаза аткаруу кызматы абактагылардын аракетине өз убагында бөгөт коюлганын билдирди. Тинтүү иштери жүргүзүлүп, топтун башкы уюштуруучусу жана үгүттөөчүлөрү аныкталган.
Натыйжада 11 грамм баңгизат, 22 уюлдук телефон, 120 кесе турган буюм, колго жасалган 1 литр спирт кошулган суюктук жана башка нерселер алынган.

Учурда абакта кырдаал туруктуу. Окуя боюнча тергөө жүрүүдө.



