Төкмө акын Болот Назаров «Манас» театрына ишке кирди

Төкмө акын Болот Назаров Кыргыз улуттук «Манас» театрына жумушка кирди. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.

Театрдын директору Азиз Биймырза уулу ишке алынып жаткан төкмө акын Болот Назаровго ийгилик каалаган.

“Алдыдагы айтыш-концерттерде Болот Назаровду театрдын өнөрпоздорунун катарынан көрө аласыздар”, — деп билдирет театр.