Чүйдө төрөттөн кийин дагы бир келин каза болду

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 36 жаштагы келин 10-февралда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүнө түшкөн.

Келин 11-февралда көз жарып, тилекке каршы, анын эртеси каза болгон. Ымыркайдын абалы жакшы экендиги, ал эми келин Токтогул районунан келгени маалым болду.

Маркумдун сөөгү экспертизага жөнөтүлгөн.