Бишкектеги Студенттер бейтапканасында мамлекеттик дарыкана ачылды

Бүгүн, 12-февралда Студенттер үчүн шаардык дарылоо-профилактикалык бейтапканасында дагы бир мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды.
Маалыматка ылайык, дарыкананын ачылыш аземине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышып, мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бул 66-мамлекеттик дарыкана, жакынкы күндөрү Ош шаарында жана Сузак районунда дагы үч дарыкана ачуу пландалууда жана жыл аягына чейин ушул темп менен жалпы дарыканалардын санын 100гө жеткирүүнү пландап жатабыз. Дарыканаларда дары-дармек каражаттарынын ассортименти 1500 фирмалык аталышты түзөт. Жеткиликтүү баа, түрдүү ассортимент жана мындай дарыканалардын кеңири жайылтылышынын аркасында жарандар өздөрүн керектүү дары-дармектер менен оңой камсыздай алышат, бул өз кезегинде медициналык жардамдын сапатын жана өлкөдө ден соолуктун жалпы деңгээлин жогорулатуу”, – деди Бейшеналиев.

“Эл Аман” дарыканасы маанилүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектерди сунуштайт. Бул жарандар керектүү дары-дармектерди өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда бир топ арзан баада сатып ала алышат дегенди билдирет. Мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасында дары-дармектерге арзандатуу 10-15% түзөт, бул калктын кеңири катмары үчүн керектүү дары-дармектерге жетүүнү кыйла жеңилдетет.

Маалымат үчүн: 2023-2024-окуу жылында Студенттердин шаардык дарылоо-профилактикалык клиникасы 26 ЖОЖ жана 34 орто окуу жайларын тейлейт, тейленүүчү студенттердин жалпы саны 92 миң 256 түзөт, анын ичинен 66 миң 953 (72,8%) жети облустан келген студенттер жана 2 миң 430у (2,64%) кошуна мамлекеттерден (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия жана жарым-жартылай Түркия) келген чет элдик студенттер, алар биздин студенттер менен бирге окуп, биздин жарандар менен бирдей негизде медициналык кызмат алышат.