Кытай Бишкек жылуулук электр борборун оңдоого 100 миң доллар берет

Кытай Бишкек жылуулук электр борборун оңдоого жардам көрсөтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин элчи  Ду Дэвэнь менен жолугушуусунда айтылды.

Кырсыкта жабыркагандар көңүл айтып,  Синьцзян-Уйгур автономдук аймагы 100 миң доллар жөнөттү. Ал жакын арада Кыргызстандын эсебине которулат.

2-февралга караган түнү ЖЭБде авария болгон. Жарылуудан беш адам жабыркап, алардын экөөнүн денесинин 80% жана 90%ы күйүк алышкан. 3-февралда алар Түркиядагы адистештирилген клиникага которулган.