Коом

14-февралга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 10…15, Таласта 8…13, Ысык-Көл облусунда күндүз 3…8 жана Нарында -4…+1 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын табы 13…18 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек шаарында жаан-чачын ыктымалдыгы аз, күндүз 13…15 градус жылуу болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button