Без рубрики

Жогорку Кеңеш «Керемет банкын» сатууга макулдук берди

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын карамагында турган «Керемет банкын» сатууга макулдук берди.

Мыйзам долбоору бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Аталган финансылык мекемени министрлер кабинети 7,1 миллиард сомго сатып алганы жатат.

Банкты өкмөт кайсы каражатка аларына кызыккан депутаттарга Борбордук казыналыктын директору Үмүтжан Аманбаев кошумча киреше булагын таба турганын айтып жооп берди.

Буга чейин Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Керемет банк» эмне себептен министрлер кабинетинин карамагына өтүп жатканын түшүндүргөн.

Анын айтымында, эки жылда бул банктын активи кыйла жакшырган. Башкы банктын жетекчиси министрлер кабинетинин депутаттар менен биргеликте карап жаткан көптөгөн максаттары бар экенин, анын баары «Керемет банк» өкмөткө өтсө ишке ашышы мүмкүн болорун белгилеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button