ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Бишкекте башаламан токтотулган унаа ээлерине айып салынды

Бишкек шаарында рейд уюштурулуп, анын алкагында Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн боюндагы аялдамалар, тактап айтканда, «Айчүрөк» соода борборунун жанындагы аялдамалар текшерилди.

Мэриядан билдиришкендей, рейдде тейлөө маданияты, санитардык нормалардын сакталышы, жол кыймылынын эрежелери, ошондой эле коомдук транспорттордун аялдамаларга туура токтошу текшерилди.

Ошондой эле айдоочулардын GPS-трекерлерди колдонуусуна, транспорт ишканаларынын пландуу чыгууларына, накталай эмес төлөмдөрдү кубаттоого жана накталай төлөм жүргүзүүдө билеттерди берүү жана кабыл алуу эрежелерин сактоого көңүл бурулду.

Мындан сырткары, рейддин жүрүшүндө жол эрежесин бузуп, коомдук транспорттордогу жүргүнчүлөрдүн аялдамаларда ыңгайлуу отуруусуна тоскоолдук кылган жеке менчик унаалардын айдоочулары аныкталып, жазага тартылды. Бул мыйзам бузуучуларга карата административдик протоколдор түзүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button