Пайдалуу кеңештер

Ден соолук чың болушун кааласаңыз малдын майын азайтыңыз. Адистин кеңеши

Тамактануудагы айрым туура эмес адаттардан арылуу – дени сак жашоону камсыздайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги эскертип, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамаларын тизмектеген:

рационуңуздагы майдын, өзгөчө жаныбарлардан алынган майдын жалпы көлөмүн чектеңиз. Буларга каймак, май кирет;

азыктын сыртында жазылган маалыматка дайыма көңүл буруңуз. Эгерде «жарым-жартылай гидрогенделген майлар» деп жазылса, бул азыктын курамында трансмайлар бар экенин билдирет. Андан баш тартыш керек же азыраак өлчөмдө жеген жакшы;

күнүмдүк керектөөдөгү мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды жок дегенде 400 граммга чейин көбөйтүңүз. Тузду күнүнө беш граммдан (бир чай кашыктан) ашырбай колдонуу зарыл. Ошол эле учурда дайыма йоддолгон туз пайдалануу зарыл экенин эстен чыгарбоо керек;

кантты азайтуу сунушталат. Күнүмдүк норма чоңдор үчүн 50 грамм (болжол менен 12 чай кашык) жана балдар үчүн 25 грамм.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button