Без рубрики

Лизингге автоунаа сатып алуу. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Финансылык ижара (лизинг)» жана «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документке кол койду.

Мыйзамдын максаты — жарандарга автоунааларды жана мотоциклдерди жеке колдонуу үчүн лизингге сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу өлкөдө финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү. Ошондой эле лизингдик рыноктун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн өбөлгө түзүп берүү. Анын ичине жеткирүүчүлөрдү көбөйтүү, дилердик тармактарды кеңейтүү, сервистик компанияларды ачуу, камсыздандыруу системасын өркүндөтүү кирет.

Насыя берүүчү тараптар милдеттүү түрдө салыктык каттоодон өтүүгө тийиш. Мындан тышкары, лизингдик ишмердүүлүк мыйзамына ылайык лицензия алышы керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button