Коом

Айыл чарба министрлиги жумуртка импортуна убактылуу тыюу салууну сунуштоодо

Өлкөдө жарым жылга жумуртканын импортуна тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга койду.

Мындай чечимди жергиликтүү ишкерлердин кайрылуусунан кийин кабыл алуу каралган. Алар ички муктаждыкты толук камсыздай турганына ынандырышууда. Максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бааны турукташтыруу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо экени айтылган.

«Кыргызстанда ири жана үй-бүлөлүк майда чарбаларда жумуртка өндүрүлөт. Бул сектор өлкөнүн айыл чарбасынын олуттуу үлүшүн түзүп, көптөгөн айыл тургундары үчүн кирешенин маанилүү булагы болуп саналат», — деп жазылган документтин негиздемесинде.

Республикада соңку эки жылда канаттуулар чарбачылыгы кеңейип, жергиликтүү өндүрүш болжол менен эки эсеге өскөнү кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button