Коом

Каркырада 192 млн долларлык тоо-лыжа эко-шаарчасынын курулушу башталды

Түп районунда Каркыра тоо лыжа экошаарчасынын курулушунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, 6-декабрда президент Садыр Жапаров аталган долбоордун курулушун баштап берген.

«Каркыра» комплексинин жетекчиси Константин Куценконун айтымында, курулуш иштери алты этаптан турат.

«Долбоордун концепциясында беш миң адамдын эс алуусуна ылайыкталып, жалпы сметасы 192 миллион долларды түзөт. Лыжа тебүү трассаларынын жалпы узундугу 100,7 чакырым, асма жол 20,7 чакырым болот», — деди Куценко.

Комплекстин саркынды сууларды тазалоо жана жылытуу системаларына Кыргызстандын жана эл аралык стандарттарга ылайык инновациялык технологиялар колдонулары кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button