Коом
Бишкекте банктан 2 адам 8 миллион сом уурдаган. Бири банк кызматкери

Кыргызстандагы банктардын биринин өкүлү 2-июнда Ленин райондук милициясына кайрылып, белгисиз адамдар банктан 8 миллион 28 миң 289 сомду уурдап кетишкенин айткан. Мындан соң «Алдамчылык» беренеси менен иш козголуп, кылмышка шектүү делген 29 жана 40 жаштагы эки киши кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири банктын кызматкери экени аныкталды. Эми алардын башка кылмыштарга катышканы текшерилүүдө.



