Коом
29-июлга карата аба ырайы

Бүгүн күн 39 градуска чейин ысыйт, ал эми айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +31…+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Таласта +30…+35, Ысык-Көлдө +25…+30, Нарын дубанында +27…+32 градуска чыгат.
Бишкекте +34…+36 градусту көрсөтөт.



