Окуялар

УКМК: Экстремисттик идеологияга үгүттөгөн көп сандаган электрондук маалыматтар табылды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын УКМК менен КР ИИМ биргеликте Чүй облусунда тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний агымынын активдүү мүчөлөрү жана жактоочулары жашаган жеринде издөө иштерин жүргүзүп, алдын ала маалыматтар боюнча экстремисттик идеологияны үгүттөөчү көп сандагы басылмалар, электрондук маалымат каражаттары (компьютерлер, флешкалар ж.б.) табылып алынган.

Жыйынтыгында тыюу салынган кыймылдын 16 мүчөсү кармалып, алардын ичинен өзүн мусулмандардын «халифасы» деп эсептеген М.Б.М. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизинде айыпталуучу катары тартылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө камак жайына киргизилген.

Калган жарандарга тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button