Тажикстанда төлгөчү, бүбү-бакшыларга каршы жаза күчөтүлдү

Тажикстандын мамлекеттик телеканалы укук коргоо органдарына шилтеме жасап, көзү ачыктык жана бүбү-бакшылык менен алектенгендерди «шылуун молдолор» деп сыпаттап, байма-бай чагылдырууда.
Белгисиз шарттарда тартылган видеолордо орто жаштагы аялдар менен эркектер камерага көзү ачыктык менен алектенерин ачык айтышса, айрым эркектер кардар аялдарга «асылганын» моюнга алышкан.
Жаза күчөтүлдү
Тажик бийлиги дубаны тумарга ороп, бүбү-бакшылык жана төлгөчүлүк менен алектенгендерге каршы күрөштү олуттуу түрдө колго алганы байкалууда.
Эгерде буга чейин бул аракеттери үчүн айыпталуучулар 2-3 миң сомониге (250-280$) чейин айыпка жыгылса, эми өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине күчүнө кирген өзгөртүүлөргө ылайык, көзү ачыктар менен төлгөчүлөргө 144 миң сомониге (13400$) чейин айып пул салынат же эки жыл эркинен ажыратылат.
Бирок камактагы айрым жарандардын туугандары «Азаттыктын» тажик кызматы — «Озоди» радиосуна билдиргендей, бийлик төлгөчү делгендердин баары эле мындай ишти аркалай бербейт. Алардын бири тууганы ата-бабаларына окшоп жалаң гана диний дуба окуганын, бул аракеттердин бүбү-бакшылыкка эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.



