Эсептөө палатасы: КР Социалдык фондунда 214 млн 377,9 миң сом каржы бузуулар аныкталды

Бүгүн, 2024-жылдын 15-августунда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин отчету каралды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдирди.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу КР Социалдык фондунун 2023-жылга бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча дал келбестиктердин жалпы суммасы 214 млн 377,9 миң сомду түзгөн, анын ичинде бузуулардын категориясына карата:
1. Бюджеттик классификациялык коддорду колдонууну бузуу менен бюджеттик каражаттарды ведомствого караштуу жана бюджеттик каражаттарды алуучуларга берүү жана багыттоодо — 204 млн 618,7 миң сом;
2. Бюджеттик каражаттарды бюджеттик сметада каралбаган чыгашаларды төлөө үчүн пайдалануу — 29,2 миң сом.
3. Курулуш-монтаждоо иштеринин наркын жана/же көлөмүн ашыкча баалоо — 47,0 миң сом.
4. Эмгек акыны, иш сапардык чыгымдарды, пособиелерди, компенсацияларды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө байланышкан бузуулар — 5 360,2 миң сом, анын ичинен:
- кызматкерлердин эмгегине ашык төлөө — 5 356,2 миң сом;
- акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар (иш сапар) — 4,0 миң сом.
5. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулуктун тартибин бузуу, бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды таануу жана амортизациялоо боюнча мыйзам талаптарын аткарбоо – 3 783,2 миң сом, анын ичинен:
- капиталдык оңдоо иштерине кеткен чыгымдардын эсебиндеги тартип бузуулар – 2 465,0 миң сом;
- капиталдык оңдоп түзөө жумуштарына чыгымдалган 859,6 миң сомго имараттын баланстык наркы көбөйтүлгөн эмес;
- негизги каражаттардын баланстык баасын жогорулатуу — 458,6 миң сом.
6. Дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар — дебитордук карызды бухгалтердик эсепте чагылдырбоо — 539,6 миң сом.
7. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү бузуулар — 256,0 миң сом.



