Аз камсыз болгон жарандарга социалдык жеңилдиктер берилет

Борбор калаанын социалдык өнүктүрүү мекемелери күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча активдүү иш алып барууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бул иштердин алкагында райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан аз камсыз болгон жарандарга акчалай компенсация төлөнүп берилет.
Көмүр алуу үчүн компенсация 6 миң сом, жалгыз жашаган пенсионерлерге жана камкордукка муктаж адамдарга көмүрдү жеткирүүгө 700 сомдон 900 сомго чейин белгиленген.
2024-2025 жылытуу мезгилине жалпы төлөм борбордогу 3869 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жетим балдар, туруктуу жашаган жери жок адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеген төрт уюмга төлөнөт. 2024-жылдын август айынын аягында 1743 арыз каралып, 1581 үй-бүлөгө жана 3 уюмга төлөм жүргүзүлгөн.
Бул жардам шаарда туруктуу каттоодо турган жана райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүндө каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет.



