Бардык ишти аткара аласыз: 11-сентябрга гороскоп

Бүгүн энергия көп болот. Бардык тармактагы иштер алдыга жылат. Ошондуктан кандай татаал маселе болбосун чечүүнү чечкиндүү колго ала бериңиз. Карьеранын өсүшүн жана кирешенин көбөйүшүн күтсө болот. Ошондой эле бүгүн туугандар аралык мамилени бекемдөөгө ыңгайлуу күн. Бул күнү турмуш кургандар ынтымак жана сүйүү менен өмүр сүрүшөт.
Бул күнү эмнелерди жасаш керек?
Үй-бүлөнү бекемдөөгө арналган ар кандай аракеттерге жагымдуу күн. Ошондой эле үйдү оңдоо иштерин, жаңылоону баштай берсеңиз болот.
Андан тышкары, үй-бүлөлүк каржы маселелерин чечүүгө, өнөктөштүк мамилелерди жаңылоого, мурда башталган долбоорлорду улантууга, карьера жана бизнес менен алектенүүгө, жеке командада иштөөгө, үй тазалоого, кир жууганга, туугандар менен баарлашууга, никеге турууга, соода жасоого ылайыктуу күн.
Эмне кылбоо керек?
Жумуштук мамилелерди токтотууга, денени физикалык активдүүлүк менен ашыкча жүктөөгө, чач кыркууга, талашып тартышууга, саякатка чыгууга болбойт.
Кой – маанилүү маселени чечүүдө туугандардан жардам келет.
Букачар – Ийгиликтүү сүйлөшүүлөр жүрүп, киреше табасыз.
Эгиздер – Күн аяктаганча пландар өзгөрүшү мүмкүн.
Бөйөн – Келишим түзүү жана кыймылсыз мүлк боюнча соода иштерин ийгилик коштойт.
Арстан – чоң көлөмдөгү ишти соңуна чыгара аласыз.
Бийкеч – Ишке көңүл буруңуз жана кечинде үй-бүлөңүз менен чогуу болуңуз.
Тараза – Жумушта интуицияңыз жардамга келет, соода-сатык иштерине ийгиликтүү күн.
Чаян – Сүйлөшүүлөр жана эл алдына чыга турчу иштериңизди ийгилик коштойт.
Жаачы – шашылыш чечим кабыл албаңыз.
Текечер – ишиңизде жолдуу болосуз: киреше түшөт, юридикалык маселелерди жолго коесуз, жумуштук мамилелерди жөнгө саласыз.
Суу пери – кызыктуу таанышуулар күтүшү мүмкүн.
Балыктар – жакындарыңыз сиздин жардамга муктаж болушат.



