Коом

Эксперт: Жаштар арасындагы жумушсуздук маселесин кантип чечүүгө болот?

Өлкө жетекчилиги жумушсуздук деңгээлин азайтуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүдө. Буга байланыштуу экономика боюнча эксперт Нургүл Акимова өзүнүн дүйнө практикасын изилдөө аркылуу топтогон сунушун жолдоду:

“Туруктуу экономикалык өсүш үчүн кайсы өлкө болбосун өзүнүн эмгек рыногун оптималдаштыруусу керек, айрыкча жаштар сегментинде. Жаш адистер маанилүү экономикалык ресурсту алып жүрүшөт, андыктан аларды эмгек рыногуна туура интеграциялоо менен бир гана жумушсуздукту жойбостон, экономиканы өстүрүүгө да болот.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда, 2022-жылдын 1-декабрында карата туруктуу жашаган калктын саны 7 миллион 27 миң адамды түзгөн. 2021-жылы жумушчу күчү 2680,5 миң адам болуп, анын 2537,9 миңи жумуш менен камсыздалган, ал эми 142,6 миң адам жумушсуз, бул жумушсуздуктун деңгээли 5,3 пайызды түзөөрүн билдирет. Жумушсуздук маселеси айрыкча 15-29 жаш курактагы жарандардын арасында курч, алардын 50 пайызынын жумушу жок. Шаар жеринде 20-34 жаш курактагылардын арасында жумушсуздук деңгээли жогору.

Гендердик айырмачылык дагы маанилүү маселени жаратты: аялдардын арасындагы жумушсуздук деңгээли (6,3 пайыз) эркектердин арасындагы жумушсуздук деңгээлинен (4,7 пайыз) жогору. Жумушсуздардын көпчүлүк бөлүгү орто же толук эмес орто билимге ээ (61,8 пайыз) жана 16,7 пайызы жогорку билимдүүлөр. Жаштар арасындагы жумуш менен камсыздалуу 90,7 пайыз, бирок алардын 88,9 пайызы формалдуу эмес тармактарда эмгектенишет.

Бул маселелерди чечүү үчүн башка өлкөлөрдө колдонулган мыкты практикаларды изилдөө жана киргизүү зарыл.

Германиянын билим берүү жаатындагы дуалдык система теориялык билимди ишканаларда практикалык жактан даярдоо менен айкалыштыруунун эң сонун үлгүсү болуп саналат. Дуалдык системанын үлгүсү билим берүү уюмдарынын жана ишканалардын ортосундагы ресурстарды бөлүштүрүүнү оптималдаштырат, бул жаштар арасындагы жумушсуздукту азайтууга жана бүтүрүүчүлөрдүн арасындагы атаандаштыкты жаратууга жол ачат.

Швециянын мамлекеттик колдоосу жана каржылоосу субсидиялар менен гранттар жаштар үчүн каржы барьерин ылдыйлатаарын жана аларды компаниялардын стажировка программасына катышууга үндөй турганын көрсөтүп турат.

АКШдагы жеке өнөктөштүк жана корпоративдик катышуу дагы жакшы үлгү болуп бере алат. Анда компаниялар университеттер менен кызматташып, стражирлөө программаларын иштеп чыгышат. Ал өз кезегинде мыкты студенттерди тандап алып үйрөтүүгө негиз болуп берет. Тажрыйба көрсөткөндөй, корпоративдик стажирлөө эмгек өндүрүшүн жогорулатат жана жаштардын кесиптик жактан өсүүсүн шарттайт.

Европа Биримдигинин сыноо стажынан өтүүчү жарандын укугун көзөмөлгө алуу жана коргоосу татыктуу эмгек шарттары түзүлүп, стажирлөө жогорку деңгээлде болуусун камсыздайт. Катуу нормативдик ченемдерге негизделген моделдер сыноо стажынан өтүп жаткан жарандын керектүү тажрыйбага ээ болушуна жана эксплуатациядан корголушуна негиз болуп берет.

Финляндиянын билим берүү программалары жана курстары атайылыштырылган курстар студенттерди сыноо стажынан ийгиликтүү өтүүгө жана жумушка даярдай алаарын, алардын билими менен жөндөмүн жакшыртаарын тастыктаган.

Кыргызстанда жаштарды ишке орноштуруунун натыйжалуу системасын түзүү үчүн көп баскычтуу жана комплекстүү мамилени колдонуу зарыл. Мамлекеттин, окуу жайлардын жана жеке тармактардын биргелешкен күч-аракеттери жаштарга практикалык тажрыйба алууга, каржылык колдоо көрсөтүүгө, укуктарын коргоого жана татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай мамиле жаштардын эмгек рыногуна ийгиликтүү сиңишине, узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө жана социалдык өнүгүүгө шарт түзөт”.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button