Коом

Масалиев коштоочусу жок жүрө албаган чиновниктер жол тыгынын жаратып жатканын айтты

Бишкектин Чапаев көчөсүнөн тартып Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин жол тыгын пайда болду. Ал кайсы бир чиновник жумушуна коштоочулары менен баратканы үчүн жаралган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев айтты.

«Коштоочу автоунаасыз жүрө албаган чиновниктер башка учурда жолго чыгышы керек. Мен түшүнөм, бирок карап көргүлө канча тез жардам унаасы тыгында калды, канча адам жумушуна кечикти.

Бишкек мэрин чакырып, борбор калаада жол тыгындарын азайтуу боюнча кандай чаралар жүрүп жатканын угушубуз керек. Балким аларга мыйзамдарды кабыл алуу сыяктуу жардам керектир. Же Бишкек мэриясына көчмө жыйын өткөрсөк болот», — деди Масалиев.

Ошондой эле депутат троллейбустарды алып салса, мындан да жакшы болоорун белгиледи. «Окуучулардын жана студенттердин окуу режимин өзгөртсө эле баары жакшы болот дешкен. Бирок эч нерсе өзгөргөн жок», — деди ал.

(Сүрөт Исхак Масалиевдин соцтармактагы жеке баракчасынан алынды)

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button