Тилинде «уу» бар адамдардан алыс болуңуз: 24-сентябрга гороскоп

Бүгүн кимдир бирөөнүн өзүнүн потенциалын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар, а кимдир бирөө келечекке планын түзөт, деп айтышат астрологдор.
Кой. Негизи эле бул жума “койлор” үчүн анчалык жакшы боло бербейт. Бул жылдыз белгинин алдында төрөлгөндөр кыйынчылыкка кабылып калбашы үчүн абдан сак болушу керек.
Букачар. “Букачарлар” айланасындагы заар тилдүү адамдардан арылышы керек. Ал убакытты баарлашууну баалаган, чыныгы достукка бекем адамдарга арноо керек.
Эгиздер. Бүгүн тартынып, кылчактабастан оюңуздагыны ишке ашырыңыз. Бул жумушта гана эмес, жеке жашоодо да жардам берет.
Бөйөн. “Бөйөндөр” аларга тынчтык жана кубаныч алып келген жагымдуу окуяга туш болот. А кечинде эс алып, комфорттуу атмосферада болот.
Арстан. Бүгүн “арстандар” жашыруун потенциалын ачыкка чыгара алышат. Кызыктуу сунуштардан баш тартпаңыз.
Бийкеч. “Бийкечтерге” маанилүү иштерин башка жумага жылдырууга туура келет. Анткени бүгүн жана кийинки күндөр дагы олуттуу маселелерди чечүүгө ыңгайлуу күн эмес. Ишенчээктин айынан оорчулукка кабылуудан көрө планды өзгөртүп койгон жакшы.
Тараза. “Таразаларда” романтикалык жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Үй-бүлө менен чогуу тамактанган кечти өзгөртүп, бүгүн кымбат ресторанда кызыктуу адам менен тамактанып калышыңыз мүмкүн.
Чаян. “Чаяндар” келечектен эмне кааларын аныкташы керек. Жакын адамдарыңыз менен эң бир маанилүү маселелерди талкуулаңыз, ошондо келечектин багыты белгилүү болот.
Жаачы. Бүгүн “жаачылар” кызыктуу маектешти табышат, ал энергетикасы менен “туткунга алат”. Жаңы деңгээлге көтөрүлүү үчүн чын дилден мамиле кыла билиңиз.
Текечер. Бүгүн жашоого нааразы болгонду коюңуз, анткени башка адамдардын сиздикинен да чоң көйгөйлөрү жана кыйынчылыктары бар. “Текечерлерге” жаңы тажрыйба жана мүмкүнчүлүк алуу үчүн тобокелчиликке баруу сунушталат.
Суу пери. Айланадагылар ар бир ийгиликтүү аракеттериңиз үчүн мактайт деп күтпөңүз. Андан көрө сын-пикирге кулак төшөп, келечекте эмнелердин үстүнө иштешиңиз керектигин аныктап алыңыз.
Балык. “Балыктарга” жакын адамы менен мамилени токтото турушу керек болот. Бүгүн экөөңөрдүн тең жүрөгүңөрдү терең жараланткан уруш болушу мүмкүн, ошондуктан кайсы бир убакытка чейин, негатив эмоциялар басаңдагыча көрүшпөй турганыңар оң.



