Дүйнө

Россия 2 миңден ашуун легалсыз мигрантты өлкө аймагынан чыгарат

Москвада «Нелегал-2024» операциясы бир жумадан бери уланып жатат. Анын жыйынтыгында Россиянын аймагынан 2 миңге жакын легалсыз мигранттар чыгарылат. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, иш чаранын алкагында Москва полициясы миграциялык мыйзамды бузган 13 миңден ашуун жаранды аныктаган.

Эми сот органдары тарабынан административдик материалдар каралат жана анда 2 миңден ашуун мигрантка карата чечим чыгарылат. Учурда чет өлкөлүк жарандарды депортациялоо боюнча 20 чечим чыккан жана алардын 12си депортацияланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button