Коом
Өзгөндөгү айланма жолду ачкандан кийин кайра жаап коюшту

Бул туурасында Исхак Масалиев бүгүн парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.
“Өткөн жумада Өзгөндө жаңы жол курулуп, салтанаттуу ачылды. Бирок ачылыш бүткөндөн кийин бетондорду коюп кайра жаап коюшкан. Транспорт министрлигинин катасы болду окшойт. Эгерде эсептей турган аппараты так иштебесе, 10 күн тесттик режимде иштетсе деле болот эле. Президент ачып, өкмөттүн баары катышкандан кийин кайра жаап койгону бир аз туура эмес деп эсептейм”, — деди Масалиев.
Ал Транспорт министрлигине кайрылып, маселени эртерээк чечип берүүнү суранды.
Буга чейин соцтармакта жол учурда жабык экени, андагы көзөмөл жайындагы техникалык иштер калыбына келтирилип жатканы айтылган.



