Коом
УКМК төрагасынын биринчи орун басары Уларбек Шаршеев ээлеген кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Шаршеев Уларбек Зарлыкович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.



