Коом
Жаңы гимнге жазылган тексттер Жогорку Кеңешке сунушталганга чейин лингвистикалык экспертизадан өтөт

Маданият министрлиги жакында сынактын жобосун иштеп чыгарын Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында билдирди.
Ал сынакка келген тексттер канчалык деңгээлде маданиятка, салтка туура келери, сөз айкалыштары каралып чыгарын айткан.
Буга чейин ЖК төрагасы мамлекеттик гимн эң кеч дегенде кийинки жылдын апрелине чейин өзгөртүлөрүн айткан.



