Коом

30-июндан тарта Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери иштей баштаарын Кыргызстандын ТИМи эскертти

Эми чет элдик жарандар, анын арасында кыргызстандыктар РФке бара турган болсо, сапарга чыгардан 72 саат мурун RuID мобилдик тиркемеси аркылуу Россияга эмне үчүн бара жатканын көрсөтүп, арыз калтырышы керек.

Катуу ооруп, жакындарынын өлүмүнө байланыштуу же башка шашылыш жагдай жаралса, шартты документ менен ырастап, кирүү арызын 4 саат эрте берүүгө уруксат берилет.

Берилген арыздын негизинде чет элдик жаран тууралуу маалымат топтолгон санариптик профиль түзүлөт. Кийин ал россиялык уюмдардан онлайн мамкызмат алууда колдонулат. 

Тектеш кабарлар

Back to top button