Коом
Зордуктоого шектелген адам ишти 25 миң сомго жабууга аракет кылган

Кара-Сууда милиция кызматкерине пара сунуштаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-августта зордуктоо фактысы боюнча суралып жаткан шектүү маселени оң жагына чечип берүү үчүн милиция кызматкерине 25 миң сом сунуштаган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү Өзгөн шаарынын 1988-жылы туулган тургуну катары кармалган.



