Коом
Бишкекте Лев Толстой көчөсүнүн айрым тилкелери убактылуу жабылды

Бүгүн Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, Лев Толстой көчөсүнүн айрым тилкелери оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылды.
Мэриянын маалыматына ылайык төмөнкү тилкелер жабылган:
- Асаналиева көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин;
- Садырбаев көчөсүнөн Термечиков көчөсүнө чейин.
Көчөнүн башка бөлүгүндө ремонт иштери аяктап, ал жерге:
- эки катмар асфальт төшөлдү,
- бордюрлар орнотулду,
- жол белгилери жана маркировкалар коюлду.
Шаар бийлиги айдоочуларды жана тургундарды убактылуу ыңгайсыздыктарды эске алып, каттамдарын алдын ала пландап алууга чакырды.



