Коом
Жол кыймылынын эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди

Бишкек мэриясы жол кыймылынын эрежесине өзгөртүү киргизди. Алар, А.Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.
Мэриянын басма сөз кызматкери билдиргендей, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан 3.18.1 («Оңго бурулууга тыюу салынат») жана 3.18.2 («Солго бурулууга тыюу салынат») жол белгилери орнотулду.


Себеби, оңдоодон кийин Жукеев-Пудовкин көчөсү бир тараптуу болгон.
Эми Токомбаев көчөсүнүн түштүк тарабынан Жукеев-Пудовкин көчөсүнө бурулууга тыюу салынды.
Токомбаев көчөсүнүн түндүк тарабынан түштүк тарабына Жукеев-Пудовкин көчөсүнө бурулууга тыюу салынды.


Маршрутуңузду пландаштыруудан мурун өзгөртүүлөрдү эске алыңыз жана жол эрежелерин сактаңыз.



