Дүйнө

«Домодедово» аэропорту жыл аягына чыкпай  сатылат

Москванын чет жакасында жайгашкан «Домодедово» аэропорту июнь айында улутташтырылгандан кийин, жыл аягына чейин сатыкка чыгарылары пландалууда. Бул объектке кызыккан талапкер бар экенин Орусиянын каржы министри Антон Силуанов чет элдик ЖМКларга билдирди.

«Домодедовону сатуу планда бар. Бирок бул ишти жыл аягына чейин бүтүрө алабызбы — көрөбүз. Биз бул мүлктү сатууну мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашырууга кызыкдарбыз»,- деди Силуанов.

Министр аэропорттун активдерине кызыккан талапкердин аты-жөнүн атаган жок, бирок объект ачык аукцион аркылуу сатыларын кошумчалады. Анын айтымында, мындай ыкма менен рыноктук баа жана атаандаштык камсыз кылынат.

Московская областынын арбитраждык соту июндун ортосунда Башкы прокуратурасынын доо арызы боюнча «Домодедово» аэропортун мамлекеттин кирешесине өткөрүп берген. Улутташтырылгандан кийин аэропорттун аткаруучу директору болуп экономика министрлигинин мурдагы биринчи орун басары Андрей Иванов дайындалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button