Коом

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө айрым унаа түрлөрүнө тыюу салынды

Бишкек мэриясынын Муниципалдык инспекциясы борбордун негизги көчөлөрүндө гольф-кар, веломобиль, велорикша жана квадроциклдер менен жүрүүгө расмий түрдө тыюу салынганын билдирди.

Тыюу төмөнкү көчөлөргө жана проспектилерге тиешелүү: Абдрахманов, Киев, Тоголок Молдо, Малдыбаев, Ахунбаев, Айтматов, Жибек Жолу, Жаш гвардия, Эркиндик жана Масалиев.

Маалыматка караганда, «Ала-Тоо» аянтында рейд өткөрүлүп, айрым айдоочуларга тиешелүү чаралар көрүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button