Дүйнө

Орусияга каршы, Жапония өкмөтү жаңы санкцияларды киргизди

Жапония өкмөтү Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялаганы маалым болду. Аларга ылайык, өлкө Орусиянын мунайы үчүн бааны баррелине 60 доллардан 47,6 долларга чейин төмөндөтүүнү чечти. Бирок “Сахалин-2” долбооруна байланыштуу мунай ташууларга чектөө киргизген жок. Себеби, аталган долбоор негизинен жогорку сапаттагы суюлтулган табигый газды (СПГ) чыгарат жана мунай менен болгон келишимдер газ боюнча жүргүзүлөт.

Япония “Сахалин-2” аркылуу импорттогон СПГнын болжол менен 10 пайызын алат. Ал эми Орусиянын газынан өлкөнүн электр энергиясынын болжол менен 3 пайызы өндүрүлөт.

Ошондой эле Япония санкциялык тизмесин кеңейтти. Жаңы санкциялардын тизмесине 14 жеке адам, 50гө жакын уюм, анын ичинде “Артек” балдар лагери кирди. Мындан тышкары, Ахмат-Хаджи Кадыров атындагы фонд, анын президенти Аймани Кадырова, “Урал” авто заводу, Тула курал заводу, “Базальт” жана “Искра” сыяктуу жеке ишканалар да кара тизмеге кошулду.

Жапониянын бул чечими Орусияга каршы экономикалык жана саясий басымды күчөтүү максатын көздөйт.

Тектеш кабарлар

Back to top button