КоомСаясат

Сүйүнбек Касмамбетов менен Кабылбек Мамбетаипов БШК мүчөлүгүнө шайланды

24-сентябрда Жогорку Кеңеш Сүйүнбек Касмамбетов менен Кабылбек Мамбетаиповду Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлүгүнө шайлады.

Экөө тең президенттик квотадан көрсөтүлгөн. Касмамбетовдун талапкерлигин 80 депутат колдоду. Ал эми Мамбетаиповдун талапкерлигин 72 депутат колдоду. Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы беш жылдык мөөнөткө түзүлүп, 12 мүчөдөн турат.

Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлайт: курамдын жарымын – президенттин сунушу боюнча, курамдын экинчи жарымын өз демилгеси боюнча түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button