Маданият
Ырчы Расул Маматкуловдун кызы «Кыргызстан сулуусу» сынагын жеңди

Ырчы Расул Маматкуловдун кызы 19 жаштагы Аяна Расул кызы 2025-жылдын «Кыргызстан сулуусу» аталды. Иш-чара кечээ, 24-сентябрда өттү.
Уюштуруучулардын айтымында, бул жылы 4 сулуу «Кыргызстан сулуусу» аталган. Алардын ичинен 3 кыз Кыргызстандын намысын эл аралык сынактарда коргойт.
- «Кыргызстан сулуусу INTERNATIONAL» — Сюзанна Уметова;
- «Кыргызстан сулуусу GRAND INTERNATIONAL» — Медина Эрмекова;
- «Аалам сулуусу» сынагына Анара Эсенгелдиева катышат;
- «Кыргызстан сулуусу»Аяна Расул кызы.
Булак: “Сереп”



