Дүйнө

Голливуд жылдыздары биринчи AI актрисасынын келишинен улам дүрбөлөңгө түштү

Санарип актрисасы ири таланттар агенттиги менен келишим түзүүгө даярданып жатат.

Дүйнөдөгү биринчи AI актрисасы Тилли Норвуд АКШда жаралган жана ал буга чейин комедиялык эскизде дебют жасаган. Көрүүчүлөр нейрон түйүнүндө орточо деңгээлдеги “актёрдук”, же жок дегенде эмоцияны камерага чагылдыруу бар экенин белгилешет, деп билдирет Kp.ru маалымат агентиги.

«Тиллини биринчи жолу ишке киргизгенибизде, адамдар «бул эмне?» деп сурап жатышты. Эми биз анын атынан кайсы агенттик болорун жарыя кылганы турабыз», — деди жакында Цюрихте өткөн кинофестивалда Particle6 студиясынын негиздөөчүсү Элин ван дер Велден. «Биз Тилли кийинки Скарлетт Йоханссон же Натали Портман болушун каалайбыз. Мына ушул максатты көздөп жатабыз.»- деди ал.

Чыныгы актерлор бул жаңылыкка буга чейин эле реакция кыла башташты  бирок, азырынча анча деле кубанычтуу менен эмес. Мексикалык актриса Мелисса Баррера (Кыйкырык 6) санариптик аткаруучуларды колдонгон компанияларга бойкот жарыялоого чакырды. Анын позициясын Кирси Клемонс (Доп) жана Мара Уилсон (Миссис Добтфайр) колдошкон. Ал эми «Алтын глобус» сыйлыгынын ээси Эмили Блант өзүнүн кесиптеши Тилли Норвуддун эмгегин көргөндө чындап үрөйү учураган.

Тектеш кабарлар

Back to top button