Спорт

Өмүрбек Асан уулу Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Турнир Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүүдө.

Өмүрбек эркин күрөш боюнча 61 кг салмактагы мелдешке катышууда. Ал финалга чейин Кытай, Болгария, Албания жана Түркиянын спортчуларын жеңди.

Алтын медаль үчүн чечүүчү беттеште Өмүрбектин атаандашы АКШнын спортчусу Жэксон Патрик Форрест болот. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button