Коом
Бишкектеги «Мята» барына айып пул салынды

Биринчи май районунда тынчтыкты сактоо жана электр энергиясын үнөмдөө мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү рейддик иш-чаралар өттү. Бул тууралуу Биринчи май акимчилигинен билдирди.
Маалымат боюнча, Токтогул көчөсүндө жайгашкан «Мята» барында тынчтыкты сактоо жана тамеки чегүүгө байланыштуу мыйзамдардын сакталбаганы аныкталды. Анын негизинде 50 миң сом өлчөмүндө протокол түзүлдү.
Ошондой эле барлар, клубдар жана оюн-зоок жайлары текшерилип, мыйзамдарды сактоо боюнча 153 эскертүү берилди.



