Коом
Ошто жаңы жылдык балатынын оту жанды

Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык башкы балатынын оту салтанаттуу түрдө жандырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди.
Маалыматта айтылгандай, балатынын бийиктиги 30 метрди түзүп, өзгөчө дизайнда жасалгаланды.
Быйыл Ош шаары жаңы жыл майрамын “Түндүк жарыгы” (Северное сияние) жарманкеси менен тосуп алууда. Борбордук аянт жомоктогудай кооздолуп, шаар тургундары жана коноктору үчүн кооз фотолокациялар, даамдуу тамак-аштар жана эс алуучу жайлар уюштурулду.



