Коом

Арслан Койчиев: Курултай институтунун коомдогу орду жылдан-жылга бекемделип барат

IV Элдик курултай жогорку деңгээлде өтүп, ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Элдик курултайда билдирди.

Анын айтымында, курултай аркылуу эл менен түздөн-түз байланыш түзүлүп, алардын пикири угулду.

“Курултай институтунун коомдогу орду жылдан-жылга бекемделип барат. Делегаттардын өзүн алып жүрүү маданияты да өскөнү байкалды. Мурун жергиликтүү маселелер гана көтөрүлсө, быйыл делегаттар улуттук деңгээлдеги маселелерди да айтууга аракет кылышты. Бул аң-сезимдин өсүп жатканынан кабар берет. Биздин аң-сезимибиз өскөн сайын, курултай институнун коомдогу орду өсүп, көтөрүлчү маселелердин актуалдуулугу да өсүп жатат. Келечекте мындан дагы актуалдуу маселелерди көтөрүп чыгабыз деген ойдомун”,- деди мамлекеттик катчы.

Тектеш кабарлар

Back to top button