Дүйнө

Израил Иранга сокку урганын Тегерандагы жардыруулардан кийин жарыялады

Израиль Иран аймагына сокку урганын билдирди, андан кийин өлкөнүн борбору Тегеран шаарында жардыруулар болгон. Бул тууралуу эл аралык ЖМКлар, анын ичинде Associated Press жана Reuters кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, соккулардын бири, болжол менен, Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин кеңселерине жакын райондо болгон. Шаардын борбордук бөлүгүнүн үстүнөн түтүн байкалган. Бирок кол салуу учурунда Хаменеи ал жерде болгон-болбогону тууралуу маалымат жок.

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац операция «коркунучтарды жоюу максатында» жүргүзүлгөнүн айтып, кошумча деталдарды тактаган эмес.

ЖМКлар Тегерандын тургундарына таянып жардыруулар болгонун билдиришкен, ал эми Ирандын мамлекеттик телеканалы окуя болгонун ырастап, анын себебин атаган эмес. Жабыркагандар же кыйроолор тууралуу азырынча маалымат берилген жок.

Ошол эле учурда Израилде аба коопсуздугу боюнча сиреналар жаңырды. Аскерлер Иран тараптан өлкөгө ракета учурулушу мүмкүн экенин эскертип, калкка алдын ала даярдык көрүү тууралуу билдирүү жасашкан.

Колдонулган куралдын түрү расмий түрдө ачыкталган жок. ЖМКлардын баамында, бул аба соккулары же жогорку тактыктагы ракеталар болушу мүмкүн, бирок бул маалымат азырынча тастыктала элек.

Кол салуу Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу чыңалуунун кескин өсүшү жана аймакта АКШнын аскердик күчтөрүнүн топтолушу фонунда болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button